Линктер

ишемби, 22-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:24

Пакистанда жанкечти чабуулу кеминде 11 жоокердин өмүрүн алды


Пакистандык аскерлер. (Архивдик сүрөт)

Сват өрөөнүндөгү аскердик базага жанкечтинин чабуулунан кеминде он бир жоокер набыт кетип, дагы он үчү жаракат алды.

Пакистан армиясынын билдирүүсүнө караганда, жанкечти 3-февралда жоокерлер волейбол ойноп жаткан спорттук аянтчада өзүн жардырган. Оюнду жай тургундар да көрүп турган.

Каза тапкандардын арасында офицер да бар экени кабарланды. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти «Техрик-е Талибан» тобу алып, чабуулду "өч алуу" деп атады.

Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси чабуулду айыптап, "коркоктордун соккусу" катары баалап, өлкөдөгү террорчулуктун акыркы тамырларын жок кылууга чакырды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG