Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:40

Токмок шаардык жана Панфилов райондук милиция башчылары алмашты


Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министринин буйругу менен Чүй облусунун Панфилов райондук жана Токмок шаардык милиция бөлүмүнүн башчылары алмашты.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Панфилов райондук ички иштер бөлүмүнө мурда Нарын облустук милициясында иштеген Тилек Өмүралиев дайындалды. Ал эми Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө буга чейин Таласта Криминалдык милиция кызматында иштеген Жалил Садыков жетекчи болуп келди.

Панфилов райондук жана Токмок шаардык милиция бөлүмдөрүнүн мурдагы жетекчилери Нусупов менен Чойбековдун кызматтан алуу себептери айтылган жок. (NT)

XS
SM
MD
LG