Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:27

Италиядагы ок атуудан чет элдик мигранттар жаракат алды


Италияга келген мигранттар. Май, 2016-жыл.
Италияга келген мигранттар. Май, 2016-жыл.

Италиянын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мачерата шаарында белгисиз киши автоунаадан ок атып, кеминде алты киши жаракат алды.

Би-Би-Си кабарлагандай, жаракат алгандардын баары афроамерикалык мигранттар. Баары ооруканага жеткирилген. Бири оор абалда экени жана операция жасалганы айтылды.

Окуя 3-февралда жергиликтүү саат боюнча 11де башталган. Ок аткан адам эки сааттан кийин кармалган. Ал Италиянын желегин жамынып алган. Полиция кол салууга расалык жек көрүүчүлүк түрткү берген деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG