Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:08

Валентина Шевченко Бразилиядагы мелдеште жеңишке жетти


Валентина Шевченко.
Валентина Шевченко.

Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко эрежесиз мушташ боюнча Бразилияда өткөн UFC Fight Night 125 мелдешинде атаандашы Присцила Качоейраны утуп алды. ​

Мелдештин биринчи бөлүгүндө Шевченко атаандашына 70ке жакын сокку урду. Экинчи бөлүктө соккулардын саны 100дөн ашып, Шевченко муунтуу ыкмасы менен жеңишке жетти.

UFC уюму кыргызстандык спортчу эки раундда жалпы 200дөн ашык, Присцила Качоейра үч жолу гана сокку урганга жетишкенин жарыялады.

Валентина Шевченко 29 жашта, учурда Перу өлкөсүндө машыгат. Таймаштарга Перунун жана Кыргызстандын желектерин көтөрүп чыгат.​

XS
SM
MD
LG