Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Киевде президенттин кызматтан кетишин талап кылган жүрүш өттү


Михаил Саакашвили баштаган жүрүш. 4-февраль, 2018-жыл.
Михаил Саакашвили баштаган жүрүш. 4-февраль, 2018-жыл.

4-февралда бир нече миң киши Украинанын башкалаасында президент Петр Порошенконун кызматтан кетүүсүн талап кылып, жүрүшкө чыгышты. Аны “Жаңы күчтөрдүн кыймылы” партиясынын лидери Михаил Саакашвили уюштурган.

Жүрүшчүлөрдүн санын полиция 2,5 миң, жергиликтүү байкоочулар 5 миң чамалуу, ал эми уюштуруучулар 10 миңге жетти деп эсептешти.

Украинанын желегин жана партиянын кара-кызыл желегин колго алган демонстранттар “Импичмент!”, “Олигархтарсыз Украина!” деп ураан чакырып басышты. Жүрүшкө 2000 чамалуу тартип сакчылары көз салып турду.

Аягында митингчилер 18-февралда Порошенко Майдан аянтына чыгып, өз эрки менен кызматтан кеткенин жарыялашы керек деген талап коюшту. Уюштуруучулар андан тышкары кезексиз парламенттик шайлоо дайындалып, жаңы өкмөт куралышы керектигин да талап кылууда.

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили 2015-жылы украин жарандыгын алып, Одессанын губернаторлугуна дайындалган. 2016-жылдын ноябрында президент баш болгон бийлик адамдарын коррупцияга айыптап, кызматынан кеткен. Ошондон соң президент Порошенконун оппонентине айланган саясатчы өткөн жылдын июнунда украин жарандыгынан кайра бир тараптуу ажыратылган. Муну Саакашвили мыйзамсыз деп эсептейт.

Саакашвилини грузин бийлиги сыртынан үч жылга кескен. Украинада да ага байланыштуу сот болууда.

XS
SM
MD
LG