Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:02

Кыргызстан укук үстөмдүгү рейтингинде 82-орунга чыкты


World Justice Project эл аралык уюмунун логотиби
World Justice Project эл аралык уюмунун логотиби

Эл аралык "Дүйнөдөгү адилеттик долбоору" (World Justice Project) уюмунун укук үстөмдүгү жаатын чагылдырган рейтингинде Кыргызстан былтыркыдан бир кадам алдыга жылып, 82-орунга чыгарылган. Жалпы тизмеде 113 өлкө бар.

Алардын ичинен Казакстан былтыркыга салыштырмалуу 9 орунга алдыга жылып, 64-орунга чыкты. Орусия 89-, Өзбекстан 91-катарга коюлган.

Укук үстөмдүгү көрсөткүчү 2010-жылдан тарта чыгарыла баштады. Анда мамлекеттердеги бийлик институттарынын ыйгарым укуктарынын чектелиши; коррупция деңгээли; тартип жана коопсуздук; негизги укуктардын корголушу; бийлик институттарынын ачыктыгы; мыйзамдардын аткарылышы; жарандык жана кылмыш иштериндеги сот акыйкаттыгы боюнча дүйнө өлкөлөрүнүн жетишкендиктери өлчөнөт.

Укук үстөмдүгүнүн негизги принциптери - бийликтин бөлүнүшү, жеке эркиндикти жана ар-намысты коргоо болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG