Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:51

Гректер "Македония" аталышын коңшусуна берүүгө каршы көчөгө чыгышты


Афинадагы нааразылык акциясы. 4-февраль, 2018-жыл.
Афинадагы нааразылык акциясы. 4-февраль, 2018-жыл.

Жекшембиде гректер башкалаа Афинада нааразылык акциясына чыгып, өз өкмөтүнө "Коңшу Македония менен аталыш боюнча талашта эч кандай чегинүүгө барбагыла!" деп талап коюшту. Мындай жыйындар өлкөдө буга чейин да өткөн.

Уюштуруучулар бул жолу бул мүдөөнү колдоп чыккан жыйынга 1,5 млн. киши кошулганын айтышса, полиция болгону 140 миң киши чыкты деп эсептеди.

Демонстранттар грек байрагын көтөрүшүп, «Македониядан колуңду тарт!», «Македония - бул Грекия!» деп ураан чакырып кыйкырып турушту.

Грекия мурдагы коммунисттик Югославия мамлекети ыдырагандан кийин 1991-жылы өз алдынчалыгын жарыялаган коңшу республиканын "Македония" деп аталышына каршы чыгууда. Бул эгемен жумурияттын негизги калкы - славян тектүү улут. Ал эми Грекиянын түндүгүндө да "Македония" аттуу тарыхый облус бар. Анда негизинен грек улутундагы калк байырлайт.

27-январда грек премьер-министри Алексис Ципрас коңшусу “Улуу Македония” же “Жаңы Македония” деп аталса, муну кабыл алууга даярдыгын билдирген. Өз элинин каршылыгына карабай, Ципрас талаш создуга берсе, анда ал «улуттук кызыкчылыктарды бүлүндүрөт» деп көшөрүүдө.

Ушундан улам сүйлөшүүлөрдөгү БУУнун ортомчу өкүлү 2018-жылдын аягына чейин талашка чекит коюлаарына ишенэээрин 1-февралда билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмундагы Македониянын расмий аталышы - "Мурдагы Югославия республикасына кирген Македония". БУУнун Коопсуздук кеңеши бул топонимди өлкөнүн убактылуу аталышы катары кабыл алган.

Байыркы Македониядан чыккан айтылуу Александр Македондук (мусулман дүйнөсүндө - Искендер Зулкарнайн - "Кош мүйүздүү Искендер"; б.з.ч. 356—323-жж.) өз доорундагы Жер Ортолук деңизиндеги цивилизация очоктору менен Ирандагы, Борбор Азиядагы жана Түндүк Индиядагы цивилизация очокторун байланыштырган ири дөөлөттү (империяны) негиздеген. Бул дөөлөт ыдырап кетсе да, андан кийин кыйла кылымдар бою эл аралык маданий карым-катнаштар бул чөлкөмдөрдү өз ара байланыштырып турган.

XS
SM
MD
LG