Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:29

Македония: талашка чекит коюу аракети


Өлкөсүнүн аталышын өзгөртүүгө каршы кол топтоп жаткан македониялыктар.
Өлкөсүнүн аталышын өзгөртүүгө каршы кол топтоп жаткан македониялыктар.

БУУ "Македония" деген аталыш үчүн Афины менен Скопье ортосунда 26 жылдан бери уланып келаткан талашка чекит коюуга мүмкүн экенин билдирди. Дүйнөлүк уюмдун маалымат катчысы Фархан Хак 29-январда өткөргөн брифингде БУУнун ортомчулугу менен өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө айрым жылыштар бар экенин белгиледи.

Греция Югославия мамлекети ыдырагандан кийин 1991-жылы өз алдынчалыгын жарыялаган республиканын Македония деп аталганына каршы болуп келатат. Анткени Грециянын түндүгүндө да Македония деп аталган облусу бар. Грек бийлиги мындай жагдай эки өлкөнүн ортосундагы жер талашка жол ачышы мүмкүн деп эсептейт.

Эки өлкө ортосундагы мындай пикир келишпестик Македониянын НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болуусуна тоскоолдук жаратып келет.

НАТОго мүчө Греция Македониянын альянска мүчө болуу сунушуна дайыма вето коёт. Греция менен Македониянын бийликтери бул талашты 2018-жылдын соңуна чейин жөндөөнү сүйлөшүп, иш-аракеттерди тездетүүнү чечишкен. 27-январда Грециянын премьер-министр Алексис Ципрас Македония деген аталышты камтыган сөз айкалышын кабыл алууга даярдыгын айткан. Ал маселен “Улуу Македония” же “Жаңы Македония” деген аталышты кабыл алса болорун кошумчалады.

Анткен менен оппозиция өкүлдөрү бул жөн гана популисттик кадам деп эсептешет. Алардын бири Кириакос Митсотакис:

- Мен элибиздин бул өкмөткө ишенбегенин толук түшүнөм. Өкмөт бул көйгөйлүү маселени чечет деп ишенбейм, анткени силер болгону муну өз саясий пайдаңар үчүн колдонууга кызыкдарсыңар,-деди өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып.

Улуттар Уюмунун чабарманы Мэтью Нимиц
Улуттар Уюмунун чабарманы Мэтью Нимиц

Македониянын аталышына байланыштуу Афины менен Скопьенин ортосунда 26 жылдан бери чечилбей келаткан талашка арачылык кыла турган Улуттар Уюмунун өкүлү 29-январда Грецияга эки күндүк сапары менен барды. Ал өлкөнүн тышкы иштер министри менен жолугушту.

Скопьеде болсо 27-январга караган түнү Македониянын президенти Жорж Иванов бул маселе боюнча атайын жыйын өткөрдү. Ага премьер-министр Зоран Заев, тышкы иштер министри Никола Димитров жана оппозиция лидерлери катышты. Жыйын өтүп жаткан маалда көчөдө нааразылык акциясына чыккандар сүйлөшүүлөрдү токтотууну талап кылып турушту. Демонстранттар ошондой эле Александр Македонскийдин атынан коюлган башкы автомагистралдын жана аэропорттун аталышын өзгөртүү пландарына да каршылык билдиришти. Митингге чыккан Скопьенин жараны Томислав да республиканын аталышын өзгөртүүгө каршы:

- Мен буга ишенбейм. Мындай болбойт. Менин атым Томислав болсо сиз мени башкача ысым менен чакыра албайсыз да.

Скопьеден Македония деген атты өзгөртүүсүн талап кылган нааразычылык акциясы Афиныда 4-февралга болжолдонгон. 21-январда Салоникиде өткөн ушундай эле митингге он миңдеген кишилер чыгышкан.

Греция, Македония жана Евробиримдиктин туулары.
Греция, Македония жана Евробиримдиктин туулары.

Улуттар Уюмундагы Македониянын расмий аталышы - Мурдагы Югославия республикасына кирген Македония. Коопсуздук кеңеши бул өлкөнүн убактылуу аталышы деп кабыл алган.

Анткен менен көпчүлүк мамлекеттер, анын ичинде Орусия менен Кошмо Штаттар өлкөнүн Баш мыйзамында жазылган аталышы менен - Македония Республикасы деп таанышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​

XS
SM
MD
LG