Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Бишкек шаардык соту Шыкмаматовдун ишин кароону улантат


Алмамбет Шыкмаматов камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди колдоо акциясында сөз сүйлөп жатат. Бишкек, 27-март, 2017-жыл.
Алмамбет Шыкмаматов камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди колдоо акциясында сөз сүйлөп жатат. Бишкек, 27-март, 2017-жыл.

Парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматовдун иши боюнча шаардык соттогу 31-январдагы жараян адвокат Чынара Жакупбекованын ооруп калганына байланыштуу болгон эмес. Судья кийинки сотту бүгүнкүгө белгилеген. Андан мурдагы териштирүүлөрдө "тендер менен алынды" деген автоунаанын ээлери, тендердик комиссиянын айрым мүчөлөрү көрсөтмө берип, алардын көпчүлүгү депутаттын сынактарга тиешеси болбогонун айтышкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 19-декабрда Алмамбет Шыкмаматовду Кылмыш-жаза кодексинин 30-беренеси ("Кылмышка шериктеш болуу"), 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан.

Тергөөнүн маалыматында "2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган Шыкмаматов алдын-ала сүйлөшүп, өз аялына таандык "Мерседес-Бенц Е320" автоунаасын 14 миң 600 долларга тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан" деп айтылат. Депутат өзүнө коюлган күнөөлөр тергөөдө да, райондук сотто да далилденбегенин, иш саясий негизде козголгонун айтып, шаардык сотко даттанган.

Эл өкүлү менен кошо Эсеп палатасынын мурдагы аудитору, экс-депутат Жусуп Иманалиевге жана Кыргызстанда жашаган немис жараны Али Юкселге да кылмыш иши козголгон. (NT)

XS
SM
MD
LG