Кытай Тайбэйинде өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун тайпалык оюндарында Кыргызстандын улуттук курама командасы Таиланддын курама командасы менен беттешет. Оюндар 6-февралга белгиленген.
Кыргызстандыктар 4-февралда Иорданиянын командасын 3:1 эсебинде жеңип алышты.
Өлкөнүн Футбол федерациясы билдиргендей, Азия чемпиондугунун тайпалык тандоо оюндарында Кыргызстан D тобунда Ливан, Иордания жана Таиланд курама командалары менен ойнойт.