Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 19:08

Кочкор-Атадагы үйдөн үч кишинин сөөгү табылды


Кочкор-Ата. Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарындагы үйлөрдүн биринен үч кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, каза болгон адамдардын тек-жайы аныкталды. Алар үйдүн кожоюну болгон 64 жаштагы адам, анын жубайы 58 жаштагы аял жана Ноокен районун 52 жаштагы тургуну экени такталды. Алдын-ала маалыматтар боюнча маркумдар үйдөгү газга ууланып каза болушу мүмкүн.

Бул окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. (RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG