Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:40

Орусия: Навальный суракка чакырылды


Москвадагы жүрүш, 28-январь, 2018-жыл.
Москвадагы жүрүш, 28-январь, 2018-жыл.

Москвадагы тергөөчүлөр оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды суракка чакырышты. Дүйшөмбүдө таң эрте полиция кызматкери анын үйүнө келип, суракка чакырган эки кагазды тапшырганын Навальный өзү "Твиттердеги" барагына жазды. Мындай маалыматты атайын кызматтын өкүлдөрү да ырасташты.

РИА "Новости" агенттиги кабарлагандай, Навальный 28-январда Москвадагы митингдеги кармоо учурунда "полицияга кол көтөргөн" деп айыпталууда. Ал күнү Навальный митингге келери менен кармалып, түн ичинде кайра бошотулган. Оппозициячыл саясатчыны полиция күч менен кармап, автобуска салып жатканын көрсөткөн видео Интернетке тарап кеткен.

Январдын соңунда Навальный уюштурган жүрүштөрдө Орусия боюнча баш-аягы 350дөн ашык демонстрант кармалып, кийинчерээк алардын басымдуу бөлүгү бошотулган.

Навальный 18-мартта өтө турган шайлоону президент Владимир Путинди “кайра дайындоо” деп мүнөздөп, орусиялыктарды добуш бербөөгө үндөгөн.

XS
SM
MD
LG