Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

Бишкек шаардык соту Канатбек Исаевдин доо арызын кароого киришет


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Шаардык сотто бул иш 8-февралдан тартып карала баштай турганын депутаттын жубайы Жамиля Исаева “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаевге "Токмок шаарынын мэри болуп турганда жемкорлукка барган" деген айып менен былтыр май айында кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 4-январда аны он эки жылга эркинен ажыраткан. Соттун мындай чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арыз жөнөтүлгөн.

Исаевге былтыр эки жолу кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура аны 2017-жылдын 15-октябрындагы шайлоонун алдында Кылмыш-жаза кодексинин 27 ("Кылмышка даярдануу"), 233 ("Калайман башаламандык") жана 295 ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап турууга аракеттенүү") беренелери менен айыптап, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 30-сентябрда кармаган. Быйыл 31-январда Биринчи май райондук соту "тергөө уланып жатат" деген жүйө менен депутатты 28-февралга чейин камакта калтыруу жөнүндө чечим чыгарган.

Саясатчынын жакындары кылмыш ишин козгоодо саясий негиз бар экенин айтып, депутатты коргоо комитети түзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG