Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Кыргызстанда мыйзамсыз сакталган курал-жарактар табылды


Табылган куралдардын бир бөлүгү.
Табылган куралдардын бир бөлүгү.

Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Нарын облустарында курал-жарак менен жарылуучу заттарды мыйзамсыз сактагандар кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, Жалал-Абад шаарында жашаган 52 жаштагы кишинин үйүнөн РГД-5 гранатасы, 9 мм калибрлүү Макаров тапанчасы, үлгүсү белгисиз тапанча, өз алдынча жасалган мылтык жана 7,62 калибрдеги бир нече патрон табылган. Мындан сырткары, Сузак районунун жашоочусунан 16-калибрдеги ок атуучу курал алынды.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Нарын шаарынын А.Д. аттуу тургунунун “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаасынан “ТОЗ-8” жана “ИЖ-16” мылтыктарын, ал куралдардын 37 патронун табышкан.

Ал эми Ош облусунун Алай райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери “Кайыңды” участкасынан 35 жаштагы тургундан “ТОЗ-8” ок атуучу куралын алса, Чүй облусунун Сокулук районунда Шопоков шаарчасынын 54 жаштагы тургуну А.В. аттуу кишиден номерлери өчүрүлгөн Калашников автоматы алынды.

Факты боюнча аймактык ички иштер башкармалыктары Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренесинин ("Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү") негизинде кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүп жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG