Линктер

шейшемби, 22-май, 2018 Бишкек убактысы 08:24

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев коллеждерди акы төлөө системасына өткөрүү тууралуу токтомго кол койду.

Өлкөдө мектептерди 2018-2019-жылдары 11 жылдык окуу ыкмасына которуу чечимине байланыштуу коллеждердин иши кайра каралып чыкмай болууда. Эми Каржы министрлиги коллежде билим алуунун акысын белгилөөгө тийиш.

Ошол эле учурда калктын социалдык шарты начар катмары коллеждерден бекер билим алат. Мындан тышкары, мамлекет акысыз окуу үчүн орун бөлүп берүүнү көздөп жатат. Бирок "бюджеттин эсебинен окугандар "аймактарда кеминде үч жыл иштейт" деген талап коюлат.

Өзбекстанда 9-классты бүтүргөн окуучулар коллеждерде акысыз билим алып келет.

XS
SM
MD
LG