Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:30

Ош мэриясы шаардагы этти арзандатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оштун мэриясы шаар бюджетинен бөлүнгөн 50 миң сомго бодо мал сатып алып, союп көргөндөн кийин шаарда эттин баасын арзандатты. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Аскаров “Азаттыкка” билдирди.

- Шаарда эттин баасы 330-340 сомдон сатылып жатканы тууралуу бизге көп арыз түшкөн. Биз мэриядан, Антимонополия жана башка кызматтардан түзүлгөн, тогуз кишиден турган комиссия түздүк. Уй сатып алып, аны касапканада союп, бир килограммын калтырбай сатып, касапчынын чыгаша менен кирешесин изилдедик. Натыйжада алар арзаныраак сатса деле пайда табарын аныктадык. Соңунда ишкерлер менен кеңешип, этти 315 сомдон сатууга токтолдук. Мындан кымбат саткандарга чара көрүлөт. Ал эми бюджеттен алынган 50 миң сом акчаны уйдун этин саткандан кийин кайра бюджетке салып койдук.

Мындан эки жума мурун Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана мэриянын бөлүм башчылары катышкан жыйында мэр Айтмамат Кадырбаев шаарда сатылып жаткан этти арзандатып, туруктуу баа коюуга тапшырма берген. Анда шаар башчы эттин чыныгы баасын аныкташ үчүн шаардык бюджеттен 50 миң сом бөлүп, уй сатып алып, союп, сатып көрүүнү сунуш кылган. Шаар башчы муну менен ишкерлердин мал союп сатуудан канча киреше таап жатканын аныктап, этке ашыкча акча кошуп жиберип жатканын аныктоого болорун билдирген.

Эми жаңы коюлган нарк боюнча калаанын жетекчилиги жана тийиштүү мекемелер касапчылар жана ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG