Таласта 6-класстын окуучусунун өлүмү иликтенүүдө. Баштапкы маалыматка караганда, ал асынып алган.
Окуя жекшемби күнү болгонун "Азаттыкка" жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тастыкташты, бирок анын себеби азырынча тактала элек экенин кошумчалашты.
Маркум бала Талас районунун Көпүрө-Базар айылындагы Рысбек Айдаралиев атындагы орто мектепте окуп жаткан. Анын асынган сөөгү өз үйүнөн табылган.
Күч органдары бул окуя боюнча маалымат бере элек.
Жакында эле Кара-Сууда 7-класстын окуучусу асынып алганы кабарланган.
Расмий маалыматтарга караганда, 2017-жылдын тогуз айында өлкөдө балдар арасында 96 суицид катталган. (AlS)