Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Сөз эркиндигине кооптонгон укук коргоочулар акыйкатчыга кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык укук коргоочулар тобу Жогорку Кеңешке жана акыйкатчы Кубат Оторбаевге кайрылып, журналисттердин укугун коргоону өтүнүштү.

Жарандык активист Адил Турдукуловдун “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, акыйкатчы эл алдына чыгып, миллиондогон доолор аркылуу сөз эркиндигине, журналисттерге жана укук коргоочуларга басым көрсөтүлүп жатканына байланыштуу билдирүү жасашы керек.

Ошондой эле алар депутат Дастан Бекешовдун Жарандык кодекске сунуштап жаткан өзгөртүүлөрүнө юридикалык баа берилиши керек экенин, себеби алар сөз эркиндигине байланыштуу конституциялык принциптерге каршы келерин айтууда.

Өткөн жыл Кыргызстанда журналисттерге карата жогорку бийлик тарабынан ири өлчөмдөгү доо койгон соттук териштирүүлөр менен эске калды. 5-февралда Президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү талабынан баш тарткан. (KE)

XS
SM
MD
LG