7-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз кар айрым жерлерде жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8;
Таласта түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8;
Баткенде түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5;
Нарында түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -12...-17;
Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, күндүз жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -10…-12°, күндүзгү жогорку температурасы -6…-8°.