Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:28

32 орус атлети Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимине каршы даттанды


Олимпиаданын символу.
Олимпиаданын символу.

Орусиялык дагы 32 атлет Спорт боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылды. Алардын ишин 7-февралда 3 кишиден турган атайын комиссия карайт. Сөз болуп жаткан спортчулар Пхенчхангдагы оюндарга катышуу укугунан ажыраткан Эл аралык Олимпиада комитетинин чечимин талашууда. Арыз бергендердин арасында шорт-трек боюнча Олимпиада чемпиону Виктор Ан, биатлончу Антон Шипулин жана лыжачы Сергей Устюгов бар.

Бул маалымат соттун сайтына бүгүн чыкты. Мурунку күнү болсо Эл аралык Олимпиада комитети буга чейин арбитраждык сот актаган 28 атлеттин 15ин бир нече күндөн кийин башталып жаткан оюндарга чакыруудан баш тарткан. Комитет тиешелүү текшерүүдө алар тыюу салынган заттарды колдонгон деген шектенүү пайда болгонун билдирди.

Былтыр 5-декабрда Эл аралык Олмипиада комитети Орусиянын улуттук командасын Түштүк Кореядагы Кышкы оюндардан четтеткен. Ага чейинки эки иликтөө орусиялык спортчулардын допинг программасын Кремл өзү тескегенин көргөзгөн. Бирок орус спортчуларына бейтарап желек астында мелдештерге катышууга уруксат берилген. Натыйжада 169 атлет катталган.

XS
SM
MD
LG