Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:00

Карачиде Кытайдын эки жаранына кол салышты


Карачи, Пакистан. 2018-жыл.

Пакистандын Карачи шаарында белгисиз адамдардын огунан кытайлык бир киши каза тапты, экинчиси жарадар болду.

Полициянын маалыматына караганда кол салууга кабылгандар Кытайдын жүк ташыган компаниясында иштечү. Куралчан кишилер алардын машинесине ок жаадырып, анан качып кетишкен.

Кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Окуянын себеби да азырынча түшүнүксүз. 14 миллион калкы бар Карачи Пакистандагы талибдер жана башка жоочулар баш калкалаган шаар болуп эсептелет.

Былтыр май айында түштүк-чыгыштагы Кветта шаарында “Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун жоочулары кытайлык эки жаранды уурдап, кийин өлтүрүп кетишкен. Кытай кийинки учурларда Пакистанга ири инвестиция жумшап, бир топ долбоорлорду ишке ашырууда.

XS
SM
MD
LG