Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Казакстанда Сириядагы жихадчыларга кошулууну көздөгөн аял соттолду


Сириядагы согуштан жабыркаган жер. Архивдик сүрөт.
Сириядагы согуштан жабыркаган жер. Архивдик сүрөт.

Казакстандын Караганды шаарынын 30 жаштагы тургуну “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна кошулууну көздөгөн деген айып боюнча 9 жылга кесилди. Прокурорлор Жансая аттуу аял Сирияга барып согушкерлердин катарында медайым болуп иштөөнү пландаганын билдирип жатышат. Ал ошондой эле өспүрүм тууганын террордук уюмга кошулууга көндүрүүгө аракет кылган деп айыпталды.

Өткөн сентябрда кармалган аял күнөөсүн танып, анын ишин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери атайлап уюштурушканын айтып келатат. Казакстандын жетекчилиги өлкөнүн жүздөгөн жараны Сирияда “Ислам мамлекети” жана башка радикал топтордун катарында согушуп жүргөнүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG