Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:32

Кыргызстанда биринчи ири дата-борбор ачылды


Жаңы ачылган дата-борбор.
Жаңы ачылган дата-борбор.

Бүгүн, 6-февралда Бишкек шаарында эл аралык стандарттарга жооп берген биринчи ири дата-борбор ачылды. Бул тууралуу Кыргыз-Орус өнүктүрүу фонду билдирди.

Фонддун каржылоосу менен NSP компаниясы ачкан борбор маалыматтарды иштетүү багытында коммерциялык багытта иш алып барат. 500 чарчы метр аянтты түзгөн борборго 80 серверге чейин коюу мүмкүнчүлүгү бар.

Үзгүлтүксүз иштеген жабдуулар мамлекеттик жана жеке фирмалардын сайттарына жана башка иштерине сервер берип, хостингдик жана тармактык байланыш түзүп берет. Дата-борбор IT технология жаатында мындан башка да кызматтарды көрсөтөт.

Борбордун адистери ал бири-бирине көз каранды болбогон “Чакан ГЭС” жана “Түндүк электр” тармактарына туташкандыктан мында эч качан электр энергиясы үзгүлтүккө учурабай турганын айтышууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG