Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:53

Тогуз-Тородо кен казууга коюлган дооматтар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт


Макмал алтын кени.

Тогуз-Торо районунун акими Тилек Идирисов “Азаттыкка” билдиргендей, бүгүн Макмал кенинин базасында курулуп жаткан тоо-кен байытуучу ишкананы куруп жаткан кытайлык инвесторлор, Макмал комбинатынын жетекчилери жергиликтүү бийлик менен кошо акцияда айтылган талаптарды талкуулап, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Андан соң бир чечим кабыл алынат.

- 1-февралда эл "түшүндүрүп берсин" деген талап койгон. Бүгүн Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги, фирманын аткаруучу директору, технологу, Экотехинспекциянын өкүлдөрү келип түшүндүрүп беришет. Клубду даярдап жатабыз, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Элдин баарына жыйын ачык өтөрүн, келип угушун айтып жатабыз.

Тоо-кен байытуучу ишкананын курулушуна каршы чыккандар 1-февралда Тогуз-Тородо митинг өткөрүшкөн. Анын катышуучулары “фабрика ишке кирсе Чернобыль сыяктуу эле зыяндуу болорун, мал-жан ууланарын” айтып чыгышкан. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү алардын талаптары каралат деп убада бергенден кийин чогулгандар тарап кетишкен. (NT)

XS
SM
MD
LG