Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:01

Бишкекте элдик курултай ыкмасын киргизүүнү сунуш кылган жыйын болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Уюштуруучулардын бири, парламенттин мурдагы спикери Мукар Чолпонбаев “Азаттыкка” билдиргендей, жыйынга коомдук жана саясий ишмерлер, саясатчылар, жарандык активисттер чакырылган. Анда бийликтин өзүм билемдигинин алдын алыш үчүн элдик көзөмөл орнотуу маселеси талкууланат.

- Биз Конституциянын жаңы долбоорун алып чыгабыз. Коомдук-саясий түзүлүштү өзгөртүүнү сунуш кылабыз. Иш-чараны Дастан Сарыгуловдун “Жаңылануу”, "Кыргызстанды сактоо", "Курултай" кыймылдары чогуу өткөрүп жатат. Негизги сунуш – кыргызды миңдеген жыл сактап келген каада-салтка тиешелүү курултай системасын киргизүү. Бийлик органдарын элдик көзөмөлгө салбасак болбойт. Жоопкерчилик деген жок. Билгенин кылышат экен.

Улутчул маанайдагы бир нече уюмдун башын кошкон күчтөр Курултай институтун өлкөнүн Конституциясына киргизүүнү буга чейин да сунуш кылышкан. Алар негизинен президент менен парламенттин үстүнөн көзөмөлдөөчү орган катары "курултайдын макамын Баш мыйзамга киргизиш керек" деген демилге көтөрүп, ал ишке ашкан эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG