Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Он чакты саясатчынын иши шаардык сотто каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык сотунда ушу тапта белгилүү он чакты саясатчыга карата козголгон төрт кылмыш иши каралып жатат.

Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Саляновага карата өкүм угузулганы турат. Аны Бишкектин Ленин райондук соту "юстиция министри болуп турганда мыйзам бузган" деп беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган.

"Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовду Биринчи май райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмышка шериктеш болуу" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 5 миллион сом айыпка жыккан.

Саясатчылар Бектур Асановду, Кубанычбек Кадыровду жана Эрнест Карыбековду Биринчи май райондук соту "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деген айып менен 12-20 жылга эркинен ажыраткан. Алар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялаткан" деп айыпталган Карганбек Самаковду Октябрь райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка шериктеш болуу”, “Коррупция” беренелеринин негизинде 10 жылга эркинен ажыраткан. Бул кылмыш иши боюнча экс-премьер-министр, депутат Игорь Чудинов менен мурдагы вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевдерге айыппул салынган.

Жогоруда аталган саясатчылардын баары райондук соттордун өкүмүнө нааразы болуп шаардык сотко кайрылышкан. Алар бийлик тараптан куугунтук жүрүп жатат деп эсептешет. Ал эми прокуратура жана соттор мындай айыптоону четке кагып, мыйзам чегинде иштеп жатышканын айтышууда. (SDz)

XS
SM
MD
LG