Бишкек-Ош автоунаа жолунда коюлган чектөөлөр алынды. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Жол кырсыктарынын алдын алуу жана аларга бөгөт коюу максатында 6-февраль күнү саат 11:40тан тартып Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда саат 19:00дөн тартып оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилген.
Убактылуу коюлган чектөө бүгүн саат 07:00дө алынды. Жол күнүмдүк режимде иштеп жатат.