Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:15

Кара-Суу райондук соту 24 "йакын инкарчыны" эки жылга шарттуу кести


"Йакын инкар" агымынын мүчөлөрү. Архивдик сүрөт.
"Йакын инкар" агымынын мүчөлөрү. Архивдик сүрөт.

Ош облусунун Кара-Суу райондук соту "Йакын инкар" диний уюмунун идеяларын жайылтып жүргөн 24 кишини эки жылга шарттуу кести. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жанна Сатарова билдирди.

Соттолгон адамдар - Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын тургундары. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча алар декабрь айында Кара-Суу районунун аймагында "Йакын инкар" агымынын идеяларын жайылтканы аныкталган.

Бишкектин Октябрь райондук соту былтыр 15-июнда Кыргызстанда "Йакын инкар" агымынын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Ага чейин бул агымдын мүчөлөрүнө даават кылууга муфтият да тыюу салган эле.

"Йакын инкар" диний тобу Кыргызстанда дааватчылык уюму таанылган "Таблиги жамааттан” бөлүнүп чыккан деп эсептелет. Анын мүчөлөрү "балдар-кыздарды мектепте бөлүп окутуу зарыл, телефон, телевизорлорду колдонбош керек" деген сыяктуу кескин эрежелерди карманып келишкени менен белгилүү.

Өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деген “Йакын инкар” жамаатынын мүчөлөрү алгач Ысык-Көл, Чүй облустарында, кийин Нарында пайда болгон. Соңку учурда бул топтун өкүлдөрү Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарын кыдыра баштаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG