Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынын мүчөсү Аида Салянова өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимине комментарий берип, муну өзүнүн депутаттык мандатын тез арада алуу аракети катары мүнөздөдү:
- Үч айдан берки соттук иште Бишкек шаардык соту биздин эч нерсебизди укпаптыр. Канча жүйө, канча далилдерди келтиргенибизди эске албаптыр. Жөн эле угумуш болуп коюп эле олтуруптур. Демек бул башынан эле цирк болгон экен. Далилдер сотторго да, прокурорлорго да кереги жок болчу. А негизги максат менин мандатымды алуу болчу. Мандатын ала беришсин, ал мен үчүн өзүнчө статус, курал эмес. Мен мандатсыз да элдин таламын талашып, элдин кызыкчылыгы үчүн жасап жаткан иштеримди уланта берем.
Бишкек шаардык сотунун өкүмү дароо күчүнө кирет. Ага ылайык Борбордук шайлоо комиссиясы эми Аида Салянованын мандатынан ажыратышы күтүлөт.
Бишкек шаардык соту бүгүн, 7-февралда Салянова боюнча Ленин райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда депутатты беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон.
Салянова Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деп айыпталган.
Бишкектин Ленин райондук соту былтыр 10-октябрда аны беш жылга эркинен ажыратуу жана үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу чечим чыгарган. Салянова өз жазасын үч жашар кызы 14 жашка толгондон кийин өтөй турган болгон. Буга макул болбогон депутат доо арыз менен Бишкек шаардык сотуна даттанган. (ErN)