Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Камакта ачкачылык кармаган оппозициячыларга өкүм чыгышы мүмкүн


Камактагыларды колдоо акциясы. 5-февраль, 2018-жыл.
Камактагыларды колдоо акциясы. 5-февраль, 2018-жыл.

Бишкек шаардык соту "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асановго, Эрнест Карыбековго, Кубанычбек Кадыровго жана Дастан Сарыгуловго өкүмдү бүгүн угузушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу Эрнест Карыбековдун жубайы Элмира Карыбекова "Азаттыкка" билдирди. Бул маалыматты "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюмунун мүчөсү Зулфия Марат да ырастады.

Алардын билдирүүсүндө, бүгүнкү сотко Бектур Асанов катышкан жок. Сот залынан Карыбеков менен Кадыровду да алып чыгып кетишти. Экөө "акыркы сөз укугу берилбегенин кыйкырып айтууга жетишти. Судьялар кеңешкени кетишти. Чечим айыпталуучулардын катышуусуз окулушу ыктымал" деп жазды Элмира Карыбекова "Фейсбуктагы" баракчасына.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип жатышат. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Баары УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.

2-февралдагы сотто Бектур Асанов сөз сүйлөп, талаптары аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки жараянга мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. "Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз" деген жабык соттогу анын айткандары жазылган аудиону жакындары жана "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму Интернетке жарыялаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф ачкачылык кармагандардын абалы "дарыгерлердин көзөмөлүндө жана канааттандырарлык" деп маалымдады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот ишти жабык караган. Шаардык сот да жабык өтүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG