Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:55

Төрт оппозициячыга чыккан райондук соттун чечими күчүндө калды


Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.
Кубанычбек Кадыров жана Бектур Асанов.

Бишкек шаардык соту "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асановго, Эрнест Карыбековго, Кубанычбек Кадыровго жана Дастан Сарыгуловго карата Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. "Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, өкүм окулуп жатканда айыпталуучулардан Дастан Сарыгулов эле катышты. Бектур Асанов, Эрнест Карыбеков жана Кубанычбек Кадыров алып келинген жок.

Буга чейин Эрнест Карыбековдун жубайы Элмира Карыбекова бүгүнкү сотко Бектур Асанов баштан-аяк катышпаганын, ал эми Карыбеков менен Кадыровду өкүм угузуларда алып чыгып кетишкенин билдирген. Экөө "акыркы сөз укугу берилбегенин кыйкырып айтууга жетишти. Судьялар кеңешкени кетишти. Чечим айыпталуучулардын катышуусуз окулушу ыктымал" деп жазган ал "Фейсбуктагы" баракчасына.

Сотто ишти караган судья эки айыпталуучу акыркы сөзгө даяр эмес экенин айткандан кийин сот залынан чыгарылганын белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр апрелде Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси менен Эрнест Карыбековду 20 жылга, Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга эркинен ажыраткан. Булар менен кошо айыпталган Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу кесилген. Саясатчылар соттун чечимине макул болбой, шаардык сотко арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот ишти жабык караган. Шаардык сот да жабык өттү.

Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров жана Эрнест Карыбеков укуктары одоно тебеленип, жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилбей жатканына нааразылык билдирип жатышат. Ошондой эле алар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" жарыялашкан. Баары УКМКнын тергөө абагынан №47 колонияга которулган.

2-февралдагы сотто Бектур Асанов сөз сүйлөп, талаптары аткарылбаса, акырына чейин ачкачылык кармап, кийинки жараянга мажбурласа да келбей турганын, адвокаттардан баш тартарын айткан. "Же Сегизбаев кетет же биз үчөөбүз өлөбүз" деген жабык соттогу анын айткандары жазылган аудиону жакындары жана "Саясий туткундарды коргоо комитети" бейөкмөт уюму Интернетке жарыялаган.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф ачкачылык кармагандардын абалы "дарыгерлердин көзөмөлүндө жана канааттандырарлык" деп маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG