Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:28

АКШ президенти чоң аскерий парад өткөрүүнү сунуштады


Президент Трамптын инагурациясына катышкан мотоцикл айдаган полициячылар, 20.01.2017
Президент Трамптын инагурациясына катышкан мотоцикл айдаган полициячылар, 20.01.2017

АКШ президенти Дональд Трамп ушул жылы өлкөнүн күч-кубатын даңазалоо максатында чоң аскерий парад өткөрүүнү пландоону Пентагондон өтүндү. Бул тууралуу "Вашингтон Пост" гезити 6-февралдагы санына жазгандан кийин Ак үйдүн маалымат катчысы Сара Сандерс маалыматты бышыктады.

Трамп 18-январда жогорку даражалуу аскерий жетекчилер менен жолукканда 2017-жылы Париждеги парадды көргөндө кандай таасирленгенин айтып берген. Кошмо Штаттардын президенти өз өлкөсүнүн коопсуздугу үчүн өмүрүн тобокелге салып жүргөн америкалык аскер адамдарын колдоорун билдирген.

Сандерстин айтканы боюнча Трамп Пентагондон аскер майрамын өткөрүүнүн "мүмкүнчүлүктөрүн карап көрүүнү" өтүнгөн. Пентагондун өкүлү Чарли Саммерс аскерий жетекчилер президенттин сунушун жүзөгө ашыруунун ар кандай жолдорун караштырып жатканын билдирди. Демократтар болсо президенттин сунушун Кытай жана Түндүк Кореянын авторитардык режимдери өткөргөн иш-чараларга салыштырды.

АКШда соңку ирет аскерий парад 1991-жылы Ирак согушунан кайтып келген сегиз миң аскерди тосуп алганда өткөрүлгөн. Ал иш-чарага сегиз миллион доллардан ашуун акча сарпталган.

XS
SM
MD
LG