Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Түндүк Кореядан күйөрмандар Олимпиадага келишти


Түндүк Кореядан келген күйөрмандар, 7.02.2018
Түндүк Кореядан келген күйөрмандар, 7.02.2018

Эки жүзгө чукул түндүк кореялык күйөрмандар чек араны кесип өтүп, Пхёнчаңдагы кышкы оюндардын ачылышын көрүүгө келишти. 7-февралда делегацияны Түндүк Кореянын спорт министри Ким Ир Гук баштап келди. Буга чейин Пхеньяндан курамында 140 кишиси бар оркестр дагы келген.

Пхеньян менен Сеулдун алакасы Олимпиаданы утурлай жанданып, Түндүк менен Түштүк Кореянын атлеттери бир желектин алдында оюндардын ачылыш аземине чыгышат.

Пхёнчаңга келген күйөрмандар кылдат текшерүүдөн өтүп, алардын үй-бүлөлүк абалы, саясий көз карашы жана Кореянын эмгек партиясына берилгендиги каралган.

Түштүк Корянын бийлиги Ким Чен Ындын карындашы Ким Йо Чон 9-февралда дүйнөлүк оюндардын ачылышына келээрин билдирди.

Пхеньян Ким Йо Чон Түндүк Кореянын парламентинин төрагасы Ким Ён Намды коштоп барарын бышыктаган.

Түндүк Корея 46 кишиден турган делегациясын мелдештерге катышууга мурда жиберди. Анын курамындагы 22 атлет аялдардын бириккен командасынын курамында таймашат.

XS
SM
MD
LG