Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:58

“Ата Мекендин” Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызы четке кагылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Оппозициялык “Ата Мекен” партиясынын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы арызы четке кагылды. Партия юристи Таалайгүл Токтакунованын “Азаттык” радиосуна билдиргени боюнча, ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту 7-февралда карады.

Атамбаев былтыр 6-мартта “Ала-Арча” резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде "сасыган", "мародер" деген сөздөрдү колдонгон.​ "Ата Мекен" партиясы муну өз дарегине айтылды деп эсептеп, сотко кайрылган.

Экс-президенттин соттогу өкүлдөрү Атамбаевдин ал сөзүндө “Ата Мекен” тууралуу айтылбаганын белгилешкен. "Атамекенчилер" эми шаардык сотко даттанууну көздөп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG