Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:49

Орусиялык хакерлер АКШнын аскер-өндүрүш компанияларына чабуул койду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Associated Press" агенттиги кабарлагандай, хакерлер АКШнын Коргоо министрлиги менен кызматташкан компаниялардын маалыматтарын алууга аракеттенген.

Ракеталарды, учактарды түзгөн 90го жакын кызматкердин электрондук даректери чабуулга кабылган. Арасында "Boeing" менен "Airbus" сыяктуу чоң компаниялар бар. Кандай маалыматтар уурдалганы азырынча белгисиз.

Бирок чабуул болгон компаниялардын долбоорлорунун көбү жашыруун экени айтылды.

XS
SM
MD
LG