Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Дастан Сарыгулов: Өкүм зомбулук менен чыгарылды


Соттолгондорду колдоо акциясы. Бишкек, 2017-жыл.
Соттолгондорду колдоо акциясы. Бишкек, 2017-жыл.

“Бийликти басып алуу аракети” боюнча айыпталгандардын бири Дастан Сарыгулов сотто одоно мыйзам бузуу болду деп эсептейт. Сарыгулов чечим тууралуу “Азаттыкка” комментарий берип жатып, бейкүнөө соттолгону тууралуу далилдер жараянда эске алынбаганын айтты:

- "Мени 339-берененин 2-бөлүгү менен “күнөөлүү” деп тапканга эч кандай негиз жок" деп 79 барактан турган далил бердим. Аны эске алган жок. Мыйзам, Кылмыш-жаза кодекси одоно бузулду. Баары зомбулук, зөөкүрдүк менен чыгарылган өкүм.

Дастан Сарыгулов Бишкек шаардык сотунун чечиминен кийин маалымат каражаттарына чыкты. Буга чейин сот ага өз оюн билдирүүгө тыюу салган.

Шаардык сот 7-февралда "бийликти күч менен басып алууга аракеттенген" деп камакка алынган Бектур Асановго, Эрнест Карыбековго, Кубанычбек Кадыровго жана Дастан Сарыгуловго карата Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырган.

Райондук сот былтыр 17-апрелде Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду Кылмыш-жаза кодексинин 27 ("Кылмышка даярдануу") жана 295-беренелери ("Бийликти күч менен басып алуу аракети") боюнча 12 жылдан эркинен ажыратылган.

Эрнест Карыбеков 339 ("Кылмышты жаап-жашыруу") жана 292 ("Мамлекеттик чыккынчылык") беренелери менен күнөөлүү деп табылып, 20 жылга кесилген.

Дастан Сарыгуловго да 339-берененин негизинде төрт жылга шарттуу жаза берилген. Саясатчылар буга макул болбой, жогорку инстанцияга арызданышкан. "Мамлекеттик сыр" деген негизде райондук сот да, шаардык сот да ишти жабык карады.

Камактагы үч оппозициячы 30-январдан тартып "кургак ачкачылык" кармап жатат. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын расмий өкүлү Александр Никсдорф ачкачылык кармагандардын абалы "дарыгерлердин көзөмөлүндө жана канааттандырарлык" деп 7-февралда "Азаттык" радиосуна маалымдады. (NT)

XS
SM
MD
LG