Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Жээнбеков: Башкы прокуратура ишин натыйжалуу аткара албай жатат


Башкы прокурор Индира Жолдубаева.
Башкы прокурор Индира Жолдубаева.

«Башкы прокуратура коррупцияга каршы күрөштө улуттук координатор болуп саналат, бирок азыркы учурда бул милдетин натыйжалуу аткара албай жатат» деп билдирди бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында.

“Коррупциянын алдын алуу маселесинде дале болсо бирдиктүү аракет болбой, ички карама-каршылыктар, мамлекеттик эмес, мекемелик гана кызыкчылыктар корголууда. Мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр көп” деди президент.

Мамлекет башчы ошондой эле “2016-жылы прокуратура 8877 текшерүү жүргүзүп, анын 8% боюнча гана кылмыш иши козголгон. Козголгон иштердин 50% гана сотко өткөн. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн болгону 1,6% боюнча гана сот тарабынан айыптоо өкүмү чыккан, анын ичинен 8 эле иш боюнча айыпталуучу эркинен ажыратылган” деген статистиканы келтирди.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында сот, прокуратура, күч жана коопсуздук органдарынын иши каралып жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG