Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

USAID студенттер үчүн кургак учук тууралуу китеп чыгарды


АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын медициналык жогорку окуу жайларынын студенттерине фтизиатрия боюнча жаңы китептерди өткөрүп берди.

Ушул убакка чейин алар кургак учук тууралуу Орусияда басылып чыккан китептер менен окуп жатышкан. Анда негизинен ошол өлкөнүн саламаттык сактоо системасына таянган маалыматтар келтирилген.

"Эми студенттер алгачкы жолу бул жугуштуу оору туурасында өз өлкөсүнө мүнөздүү болгон маалыматтарды ала алышат" деп белгиледи Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Китеп 2200 нускада басылып чыкты. Ал медициналык жана билим берүүчү алты мекемеге таратылат.

Тышкы жана ички миграция Кыргызстанда кургак учукту көзөмөлдөөгө тоскоолдук кылган факторлордун бири экенин жакында саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев билдирген. Ал ошондой эле эпидемиологиялык абал оңолуп келе жатканы менен кургак учукка чалдыккандар, андан каза болгондор боюнча кырдаал оор экенин белгилеген.

Былтыркы жылдын алгачкы алты айында кургак учук менен биринчи ирет катталгандар азайганы белгилүү болгон. 2 540 кишиге биринчи жолу ушундай диагноз коюлуп, бул көрсөткүч былтыркыдан 44 кишиге азайган.(RK)

XS
SM
MD
LG