Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:00

Окуучулардын жазгы эс алуу күндөрү өзгөрбөй турган болду


Чоң-Алайдагы орто мектеп.
Чоң-Алайдагы орто мектеп.

Мектеп окуучуларынын жазгы эс алуу күндөрү өзгөрбөй турган болду. Билим жана илим министрлиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, беш күндүк тартипте окуган балдар мурда пландалгандай эле 21-30-мартта эс алышат, бирок январдын соңундагы катуу сууктан улам убактылуу тыныгуу болгон күндөр үчүн март айынын дем алыш күндөрү окушат.

Ал эми жумасына алты күн окугандар 26-30-мартта эс алышат, бирок окуу жылынын соңунда - 26-30-майда кошумча окушат.

Өткөн айдын аягында Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөп, түнкүсүн Бишкекте -30га түшкөн. Ошого байланыштуу 26-январдан 3-февралга чейин, дээрлик бир апта мектептер жана бала бакчалардын иши токтотулган. (RK)

XS
SM
MD
LG