Линктер

шейшемби, 20-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 00:15

Каракол: директордун өлүмү үчүн соттолгон аялдын жакындары нааразы болууда


Раушан Муканбетованын жакындары. Каракол шаары, 8-февраль, 2018-жыл.

Каракол шаарында жайгашкан Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директорун өлтүргөн киши катары айыпталган аялдын жакындары бүгүн нааразылык акциясын өткөрүштү.

- Облустук сот ушактын негизинде чечим чыгарды. Каракол шаардык сотунун чечимин бузууда эмнеге таянганын түшүндүргөн жок. Эч кандай жаңы далил жок соттоду. "Чечимди беш күндө беребиз" дешкен, бүгүн келсек дагы эле "даяр эмес" деп жатышат,- деди соттолгон аялдын күйөөсү Нурлан Бейшембиев.

Быйыл 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Раушан Муканбетованы коллеждин директору Анарбүбү Абсалиеванын өлүмүнө күнөөлүү деп таап, 15 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыраткан.

Ага чейин былтыр 15-ноябрда Каракол шаардык соту Муканбетованы "Киши өлтүрүү" беренеси боюнча актап, "окуу жайдын 200 миң сомун өз кызыкчылыгына колдонгон" деген негизде алты жылга эркинен ажыраткан. Ал жаза мөөнөтүн 12 жаштагы баласы 14 жашка чыкканда өтөй турганы айтылган.

Маркумдун шаардык соттун мындай чечимине нааразы болгон туугандары облустук сотко кайрылышкан.

Анарбүбү Абсалиева 2016-жылдын 17-ноябрында 23 жолу денесине бычак сайылып, өз үйүндө киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары ошол эле окуу жайдын бухгалтери Раушан Муканбетова кармалып, тергөөдө кылмышты моюнуна алганы кабарланган. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG