Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Пенс: Жакында Түндүк Кореяга карата эң катаал санкция жарыялайбыз


Майк Пенс.
Майк Пенс.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Пхеньяндагы режим өзөктүк программасын, сыноолорун токтотпосо басым көрсөтүлө берерин 8-февралда да билдирди.

- Мен кечээ да айткандай, Түндүк Корея өзөктүк жана баллистикалык программаларынан биротоло баш тартмайын болушунча басым көрсөтө беребиз. – деди Пенс.

Ал 7-февралда Жапониянын премьери менен жолукканда АКШ жакын арада Түндүк Кореяга каршы "эң катаал жана агрессивдүү экономикалык санкцияларын жарыяларын" маалымдаган.

Пенс 9-февралда Түштүк Кореянын Пхёнчхаң шаарындагы кышкы Олимпиаданын ачылышына катышат. Бул Олимпиада учурунда эки Кореянын делегациялары кайрадан сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө. Түштүк Корея тарабы анын алкагында коңшусун өзөктүк куралдан баш тартууга көндүрүүнү да көздөйт.

Түндүк Корея 2017-жылы жалпысынан 23 баллистикалык ракетасын 16 жолу атып сынаган. Бул өлкөнүн бийлиги өзөктүк программасын эгемендигинин кепилдиги катары көрөрүн билдирип келет.

XS
SM
MD
LG