Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:07

Дүйнөнү түйшөлткөн Түндүк Корея


Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.
Ким Чен Ын Пхеньяндагы партиялык жыйында. 23-декабрь, 2017-жыл.

Корей жарым аралы 2018-жылга дүйнөнүн башкы коопсуздук көйгөйү катары кирүүдө. Жаңы жылда Түндүк Корея жана АКШ Пхеньяндын талаштуу өзөктүк жана ракеталык программасы боюнча көп же эки тараптуу сүйлөшүүлөргө барабы же жокпу?

Түндүк Кореянын режими 2017-жылы өзүнүн эң жакын коңшулары: Түштүк Корея менен Жапонияга бүлүк салган ракеталык сыноолорун утур-утур өткөрүп турду.

Ал ракеталардын айрымдары сыноо маалында Жапон деңизиндеги Токиого караштуу аралдын үстүнөн да учуп жатты.

Аталарынан ашкан Ким Чен Ын

Дүйнөлүк медиа 2017-жылы азыркы жолбашчы Ким Чен Ын ракета атуунун жагынан чоң атасы менен өз атасынан ашып түшкөнүнө көңүл бурду.

Америкалык Си-эн-эн сыналгы компаниясынын эсептөөлөрү көргөзгөндөй, Пхеньян 2017-жылы жалпысынан 16 жолу атуу учурунда 23 ракетасын сынады.

Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду.

Эгер Түндүк Корея ракеталык сыноолорду баштаган 1984-жылдан тарта азыркы лидердин чоң атасы Ким Ир Сендин тушунда 1994-жылга чейин 15 ракета, атасы Ким Чен Ирдин бийлиги кезинде 1994-2011-жылдары 16 гана ракета сыналса, Ким Чен Ын бийликти мурастаган 2011-жылдан 2017-жылдын аягына чейин кеминде 89 ирет сыноо өткөрүлдү.

Түндүк Кореянын мамлекеттик Басма сөз бюросу Жаңы жылды утурлай чыгарган почта баракчасы.
Түндүк Кореянын мамлекеттик Басма сөз бюросу Жаңы жылды утурлай чыгарган почта баракчасы.

Ошентип, 2018-жылдын башына Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракеталык программасына байланышкан кризис кандай баскычта?

Биз бул суроону Вашингтондогу аналитикалык уюм - Вудро Вилсон борборунун Чыгыш Азия боюнча талдоочусу Шикокко Готого жолдодук:

- Акыркы 12 айда, 2017-жылдын январынан бери эки маанилүү өзгөрүү болду, биз эки чоң айырмачылыкты көрүп жатабыз. Биринчиси - Түндүк Корея тарап өзөктүк куралы жана аны алып жүрүүгө жөндөмдүү каражаты бар мамлекетке айланууга дүйнө ойлогондон ыкчам жакындады. Түндүк Корея өзөктүк куралдуу мамлекетке айлануусуна жол бербөөнү максат кылган эл аралык кысымдан коркпогондой. Экинчи өзгөрүү - Кошмо Штаттар тараптан болду. АКШнын азыркы жетекчилиги Түндүк Корея боюнча мурдагы администрация тушундагы “стратегиялык сабырдуулук” саясатынан “бардык ыкмаларды” караштыруу саясатына көчтү. Бардык ыкмалар дегенде күн тартибине санкциялар, эл аралык кысымды күчөтүү, ошондой эле аскерий ыкма дагы чыгууда. Негизги эки өзгөрүү мына ушулар.

Эрегишкен эки тарап

Корей жарым аралына байланышкан кризисте эрегишкен негизги эки тараптын бири - расмий Вашингтон алардын көздөгөнү – бул аймак өзөктүк куралдан текшерилүү жолу менен арылышына жетишүү; күн тартибине азыр бардык ыкмалар чыкканы менен Түндүк Кореяга каршы согуш ачуу ниетибиз жок, бирок ага каршы кысым жана режимди обочодо калтыруу аракеттери күчөтүлө берет деп ырастайт.

Президент Дональд Трамп баштаган Ак үй өкүлдөрү Түндүк Корея боюнча аяктаган жыл ичиндеги билдирүүлөрүндө ал “көргүлүктү көрөт”, эгер согуш чыкса, буга Пхеньян дагы режим жоопкер болот жана ал “толугу менен жок кылынат” деген сөздөрдү айтып келишти:

- Кошмо Штаттар эбегейсиз зор кубатка жана чыдамкайлыкка ээ. Бирок ал өзүн жана өнөктөштөрүн коргоого мажбур болсо, бизде Түндүк Кореяны толук талкалоодон башка арга калбайт. "Ракета киши" (Ким Чен Ын) өзүн жана режимин өлтүрүү миссиясын аткарууда, - ​ деди президент Дональд Трамп сентябрь айында БУУнун Башкы жыйынынын отурумунда сүйлөгөн учурунда.

Түндүк Кореянын тышкы иштер министри ошол эле БУУнун Башкы жыйыны учурунда Трамптын сөздөрүн аларга каршы “согуш ачуу” деп баалап жиберген эле.

Өзөктүк курал аларга АКШ туудурган коркунучка каршы туруу зарыл деген расмий Пхеньян кийинчерээк, 2017-жылдын 29-ноябрындагы сыноодон соң, ракета Кошмо Штаттардын кайсыл жери болбосун сокку ура алат деп жарыялады:

- Hwasong-15 курал системасы - континент аралык баллистикалык ракета. Ал өтө оор өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жана АКШнын материктик бөлүгүнө сокку урууга жөндөмдүү, - деп айтылды анда мамлекеттик сыналгыдан окулган билдирүүдө.

Hwasong-15 континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.
Hwasong-15 континент аралык баллистикалык ракетасы сыналган учур. 29-ноябрь, 2017-жыл.

“Азаттыкттын” маектеши, Чыгыш Азия боюнча адис жана АКШдагы Уэлсли коллежинин профессору Кэтрин Мун (Katharine Moon) айымдын пикиринде, 2017-жылдын аягы 2018-жылдын башына келип, Түндүк Кореяда өзөктүк программа толук түзүлгөнү анык болду, бирок мындан аркы багыты анык эмес:

- Биз Түндүк Кореянын өзөктүк курал боюнча акыр-аягындагы максаты эмне экенин билбейбиз. Бирок алар дал ушул тушта буга чейинки жетишкендиктерине канааттанып турушкандай. Мындан улам алдыда үч нерсе болушу мүмкүн. Биринчиси - режим багытты өзгөртүп, экономикалык өнүгүүгө көңүл бурат. Экинчиси - азыркыдай эле өзөктүк куралды, аскерий кубатты гана өнүктүрүү ишинен баш тартпоо. Үчүнчүсү - экөөсүн тең акырындык менен алдыга жылдыруу. Менимче, азыркы баскычта алар саясатка кандайдыр бир өзгөртүү киргизет. Анткени, алдыда эл аралык санкциялардан улам өзөктүк жана ракеталык технологияларды өнүктүрүү, тиешелүү сыноолорду жасоо буга чейинкиден кыйла кымбатка турат, буга чейинкиден көп ресурсту талап кылынат. Ал эми бир учурда экономикага, өзөктүк-ракеталык программага да олуттуу түрдө көңүл буруу, менимче, мүмкүн эмес болот. Алар бул экөөнү тең бир учурда аткарса, анда экономикада, өзөктүк жана аскерий аспектиде да эми бурулуш жасай алышпайт.

Башка өлкөлөр үчүн кабыл алынгыс жоготууга, мисал бир же эки миллион адамдын өмүрү кыйылуусуна Түндүк Корея көңүл деле буруп койбойт. Алар үчүн адам фактору түккө да арзыбайт.

Ал эми орусиялык чыгыш таануучу, көп жыл Түндүк Кореяда иштеген мурдагы дипломат Валентин Моисеев “Азаттык” менен маегинде ракета жасоо жагынан Пхеньяндагы режим “маашырланып жаткан азыркы жетишкендиктер” башка нерселерди, анын ичинде адамдарды садага чабуунун натыйжасында камсыздалганына көңүл бурду:

- Кезинде Ким Ир Сен өзү бир зарыл нерсени анын куну канчага турарына карабай туруп эле жасайбыз деп айткан болчу. Мунун баары элдин жашоо деңгээли абдан төмөндүгүнүн эсебинен. Себеби, Түндүк Кореянын эли мурдагыдан да начар жашайт, мурдагыдай эле азыр да курсагы тоё тамак ичишпейт. Дегеле мен Түндүк Корея режимин потенциалдуу душманына эле эмес, өзүнө карата да аёосуз деп мүнөздөйт элем. Ал эми калк болсо фанатикалык маанайда жана бул маанай баардык жагынан, өзгөчө пропаганда эсебинен колдоого алынып турат.

Башка өлкөлөр үчүн кабыл алынгыс жоготууга, мисалы, бир же эки миллион адамдын өмүрүнүн кыйылуусуна Түндүк Корея көңүл деле буруп койбойт. Алар үчүн адам фактору түккө да арзыбайт.

Кудай сактасын, эгерде Корей жарым аралында бир нерсе болсо, эч нерсе калбайт да. АКШ менен Түндүк Кореянын аскерий дараметин салыштыруу мүмкүн эмес. Муну расмий Пхеньян деле түшүнөт, бирок ага карабай, алар чагымга, авантюрага бара алат.

Түндүк кореялыктар майрамдык иш-чарада. Пхеньян, 17.12.2017.
Түндүк кореялыктар майрамдык иш-чарада. Пхеньян, 17.12.2017.

please wait

No media source currently available

0:00 0:15:41 0:00
Түз линк

Коопсуздук кеңештин жазасы

Бириккен Улуттар уюмунун он беш өлкөсү, анын ичинде Пхеньяндын коңшулары жана экономикалык өнөктөштөрү: Кытай, Орусия туруктуу мүчө болгон Коопсуздук кеңеши 2017-жылда ракета сыноолорун токтотпогон Түндүк Кореяны жазалоочу чараларда эки ирет бурулуш жасады.

Бирок АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү сунуштаган катаал чаралар резолюцияларды добушка коюуга келгенде мунаса табуу үчүн жумшартылып турду.

Маселен, 22-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңешинде бир добуштан жактырылган акыркы санкцияда Түндүк Корея сырттан импорттой ала турган, тазаланган мунайдын көлөмү мурдагыдан да чектеле турган болду.

Түндүк Кореянын жумушчулары бар мамлекеттер эми аларды 2019-жылдын аягына чейин өз өлкөсүнөн чыгарууга милдеттендирилди.

Сыртта иштеген жумушчулар мекенине жөнөткөн акча - Пхеньяндагы режим үчүн чет элдик валютанын негизги булактарынын бири. 90 миңден ашуун түндүк кореялыктын басымдуу бөлүгү Кытай менен Орусияда иштейт.

Америкалык дипломаттардын эсебинде, алар аркылуу Түндүк Корея жылына 500 миллион доллардан ашуун киреше табат.

Мындан сырткары соңку санкцияларга ылайык, дүйнө мамлекеттери Түндүк Кореяга мыйзамсыз жүк алып бара жатат же андан алып келе жатат деп шектелген кемелерди токтотуп, көзөмөлдүк текшерүү (инспекция) жүргүзүп, зарыл болсо мыйзамсыз жүгүн конфискациялоого да мүмкүнчүлүк алды.

Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш болсо Коопсуздук кеңештин акыркы санкциялар кабыл алынар алдындагы атайын жыйынында Корей жарым аралындагы кырдаалды дүйнөнүн эң башкы коопсуздук көйгөйү деп атады:

- Корей жарым аралындагы кырдаал эң чыңалган жана дүйнөнүн коопсуздугу менен тынчтыгы үчүн эң опурталдуу проблема болуп турат. Мени аскерий, анын ичинде атайылабаган эскалациянын, туура эмес эсептөөнүн аркасындагы аскерий кагылышуу тобокелдиги өзгөчө тынчсыздандырат.

Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши 2017-жылдын 22-декабрынан мурда - тээ сентябрь айында да санкцияларын катаалданткан.

Чектөөлөрдүн ошондогу айлампасында Түндүк Кореянын токуу өнөр жай товарларын экспорттоосуна толук тыюу салынган. Расмий Пхеньян текстил экспортунан жылына 800 миллион доллардай киреше табат.

Кытайдын каалоосу

Аяктаган жыл ичи Түндүк Кореяга жана анын расмий адамдарына каршы бир тараптуу санкцияларын АКШ менен Евробиримдик да өз алдынча киргизип, Кытай көп тараптуу санкцияларды аткаруу багытында айрым чараларды көрдү.

Вашингтондогу аналитикалык уюм - Вудро Вилсон борборунун Чыгыш Азия боюнча серепчиси Шикокко Гото Кытайдын бул чалкеш маселедеги турумун мындайча чечмеледи:

- Кытайдын Түндүк Кореядан каалаганы - башкаруучу режимдин бат эле кыйрап калбашы. Кытай муну эч убакта көздөбөйт. АКШ менен Кытайдын Түндүк Корея боюнча каалаганы кыйла айырмалуу да. Ооба, эки өлкө тең Түндүк Кореянын өзөктүк куралдан арылуусуна кызыкдар. АКШнын турумунда бул Ким Чен Ындын режими толугу менен кыйраган учурда гана ишке ашуусу мүмкүн. Кытай болсо режимдин кыйрашына эч кызыкдар эмес. Анткени, режимдин кыйрашы Корей жарым аралынын биригүүсүнө алып барат.

Бириккен Корей жарым аралы, балким АКШнын берилген өнөктөшү Түштүк Кореянын үстөмдүгү астында калышы ыктымал. Мындай шартта Кытай дал чек арасында АКШнын ири өнөктөшүнө ээ болуп калып жатпайбы.

Ооба, Кытай Бириккен Улуттар уюмунда Түндүк Кореяга каршы санкцияларды, соода эмбарголорун колдоп жатат. Бирок чек арада ири көлөмдөгү мыйзамсыз соода, көмүскө базар бар да. Алар буга каршы чара көрүп жатабы? Балким, көргөн жоктур.

Айткандай эле, АКШ президенти Дональд Трамп 28-декабрда Кытайды Түндүк Кореяга мунай киргизүүгө жол берип жатканы үчүн сындады.

Дональд Трамп Бээжинди сындаганга чейин Түштүк Кореянын Chosun Ilbo гезити "Кытай Бириккен Улуттар Уюмунун санкцияларын бузуп, Түндүк Кореяга мунай сатып жатат" деп жазып чыккан.

Бул басылма Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап келтирген маалыматтарга караганда, быйыл октябрь айынан бери эле мунай соодасы үчүн Кытай менен Кореянын кемелери деңизде отуз жолу кездешкен. Муну АКШнын жасалма жандоочулары (спутниктери) тартып алган сүрөттөр көргөзгөн.

Буга кошумча Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги 29-декабрда алар ноябрь айынын соңунда эл аралык суулардан Гонконгдо катталган Lighthouse Winmore кемесин кыска убакытка кармап, инспекция жүргүзгөнүн жана бул кеме Түндүк Кореянын Sam Jong 2 кемесине мунай өнүмдөрүн өткөрүп бергенин маалымдады.

Расмий Бээжин болсо президент Дональд Трамптын сынын жана ал Түндүк Кореяга кара майды мыйзамсыз сатууга көмөктөшүп жатканы тууралуу ырастоолорду дароо эле четке какты.

Кытай менен Түндүк Кореянын деңиздеги жана кургактагы чек арасынын жалпы узундугу 1420 чакырымга барабар.

Санкциялардын салмагы

Негизи, көп тараптуу санкциялардын аткарылышы Пхеньяндын башкы соода өнөгү, ага таасир көргөзгүдөй экономикалык рычагы бар Кытайга көз каранды экенин АКШ бийликтери, адистер да белгилеп келишет.

Мындан улам расмий Вашингтон тараптан жыл бою расмий Бээжиндин дарегине Пхеньянды ийге келтирүү чакырыктар айтылып, Бээжинден болсо сабырдуулук зарылдыгы белгиленген жооптор берилип турду.

Чыгыш Азия боюнча адис жана АКШдагы Уэлсли коллежинин профессору Кэтрин Мун (Katharine Moon) санкциялардын таасири тууралуу мындай деди:

- Менимче, эл аралык санкциялардан айрым бир оң таасирлери болду. Түндүк Корея режимине алардын өзөктүк программасы үчүн зарыл ресурстарды жана материалдарды алуу оор болуп бара жатат. Бирок санкциялар муну такыр мүмкүн эмес кыла албады, болгону кыйыныраак гана кылып койду. Түндүк Кореянын эли Кытай соодагерлери менен байланыштарын колдонууда, эл аралык банк системасынан буйтап, соода жүргүзүүдө, анын ичинде өзөктүк программасы үчүн зарыл ресурстарды алууда нак акча жана бартер аркылуу иштөөгө абдан эптүү келишет.

Демек, санкциялар бир жагынан режимдин жашоосун кыйындатты, экинчи жагынан режимди өзөктүк программасын токтотууга же кайра кароого азырынча мажбурлай алган жок. Санкциялардын негизги көйгөйү - чектөөлөрдүн көп тараптуу же бир тараптуу болобу, ага теңдеш стратегия менен коштолбогону.

Менимче, дүйнөнүн бир да өлкөсүнүн Түндүк Корея боюнча турмушка жарамдуу стратегиясы жоктой, анын ичинде Кошмо Штаттардыкы да жок. Балким, Түштүк Кореяны гана эске албаганда. Алар да катаал санкцияларды колдогон менен диалог жана карым-катыш үчүн эшикти ачык калтырууда.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму. 22-декабрь, 2017-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин олтуруму. 22-декабрь, 2017-жыл.

Сүйлөшүүнүн келечеги

Бириккен Улуттар Уюмунун чабарманы катары акыркы жети жылдан бери Түндүк Кореяга декабрдын башында барган БУУнун баш катчысынын орун басары Жефри Фелтман Пхеньяндагы сапарынан "сүйлөшүү жүрөр-жүрбөсүн убакыт көргөзөт, бирок бул үчүн эшик ачылып жатат" деген үмүттө кайтты.

Түндүк Корея менен сүйлөшүүнү эч шартсыз баштоо мүмкүнчүлүгүн жыл соңуна барып, АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон да биринчи ирет оозанып, бирок анын айткандарын администрациянын башка жогорку даражалуу өкүлдөрү четке кагышты.

Вашингтондогу Вудро Вилсон борборунун Чыгыш Азия боюнча серепчиси Шикокко Гото “Азаттык” менен маегинде көп же эки тараптуу сүйлөшүүнүн келечеги тууралуу буларга токтолду:

- Бул 2018-жылы биз туш келе турган чоң маселе. Ак үй - президент Трамптын администрациясы бул маселеде Кытай менен Орусиянын көз карашын бөлүшө албасын ачык айтып жатышат. Кытай менен Орусиянын пикиринде, Түндүк Корея өзөктүк куралга ээ болуу мүдөөсүнөн эч убакта баш тартпайт, бирок сүйлөшүү үчүн боштук бар. Алар Түндүк Корея өзөктүк курал программасын өнүктүрүүнү жок дегенде тоңдуруп турушу үчүн АКШга Корей жарым аралындагы аскерий карым-катышын, Түштүк Корея менен аскерий машыгууларын токтотуусун сунуш кылууда. Трамптын администрациясы болсо мындайды кабыл албай турганын көргөздү. Демек сүйлөшүү жүргүзүү жагы азырынча анык эмес.

Бул маселе боюнча 2018-жылдагы экинчи маанилүү нерсе - Түндүк Корея боюнча чечим тынчтык жол менен жетишилишин камсыздоо. Менимче, Бириккен Улуттар уюмунда Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу тынчтык жолу менен ишке ашырылуусу керек деген эл аралык мунаса бар.

Бирок ошол эле учурда, бир тарабынан, Түндүк Корея көздөгөнүнөн кайтпай жатат, экинчи тарабынан, көздөгөнү боюнча өз турумунда Кошмо Штаттар да бекем турууда.

Андыктан, АКШ үчүн 2018-жылдагы маселе - Түндүк Корея боюнча саясатындагы кызыл чекти ачык аныктоо жана ошол кызыл сызык боюнча ишти ырааттуу жүргүзүү.

Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министрлиги болсо 26-декабрдагы баяндамасында 2018-жылы Түндүк Корея өзөктүк программасын токтпойт, бирок АКШ менен сүйлөшүү баштоого аракеттенет деп болжолдоду.

АКШ үчүн 2018-жылдагы маселе -Түндүк Корея боюнча саясатындагы кызыл чекти ачык аныктоо жана ошол кызыл сызык боюнча ишти ырааттуу жүргүзүү.

Анткен менен Түштүк Кореянын эксперттери мындай божомолунун себептерин көргөзүшкөн эмес.

Жыл соңуна келип Орусия да эгер сунуш түшсө АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнүн конок ээси боло аларын айтып чыкты.

29-декабрда Москванын өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Олег Бурмистров белгилегендей, мындан ары эми "жалаң санкциялар жолунда гана аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк жок", эгер чакырылса сүйлөшүүгө Москва да катыша алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG