Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

Түндүк Корея БУУга жооп кайтарды


Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кезектеги ракетасынын сыноосуна байкоо салып турат.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кезектеги ракетасынын сыноосуна байкоо салып турат.

Түндүк Корея Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы санкцияларын "согуштук акт" деп атады. 22-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жаңы санкция киргизүүнү бир добуштан колдогон.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин жаңы санкцияларына Ким Чен Ын жетектеген Түндүк Кореянын режими адаттагыдай ачуу сөздөр менен жооп кайтарды. Бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин расмий билдирүүсү 24-декабрда мамлекеттик KCNA жаңылыктар агенттигине жарыяланып, анда Улуттар Уюмунун бул кадамы Түндүк Кореяны "толугу менен экономикалык блокадага" алуу аракети жана "согуштук акт" катары мүнөздөлгөн.

Эл аралык тыюуга карабастан тынымсыз ракета жана өзөктүк сыноолорун өткөргөн бул өлкө соңку санкциялар боюнча кайрадан АКШны айыптады:

- Санкциялар боюнча резолюция деп аталган бул документке АКШ жана аны ээрчигендер шыкак берген. Биз муну өз өлкөбүздүн эгемендигине олуттуу шек келтирүү жана Корей жарым аралындагы тынчтык менен туруктуулукту бузган согуштук акт катары кабыл алабыз. Биз бул резолюцияны кескин түрдө четке кагабыз, - деп окуду Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүн мамлекеттик KRT телеканалынын диктору.

БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги Түндүк Кореяга санкция киргизүү боюнча добуш берүү, 22-декабрь 2017-жыл.
БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги Түндүк Кореяга санкция киргизүү боюнча добуш берүү, 22-декабрь 2017-жыл.

Буга кошумча расмий Пхеньян коргонуу жаатындагы өзөктүк арсеналын мындан ары күчтөндүрө берерин белгилеп, "мунун максаты АКШнын өзөктүк коркунучун, кас мамилесин токтотуу" деп билдирди.

22-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн баары Түндүк Кореяга жаңы санкция киргизүүнү колдошкон. Ага ылайык, бул өлкөнүн мунай импортуна кескин чектөө киргизилет. Ошондой эле Түндүк Кореянын чет мамлекеттерде иштеген бардык жарандары 2019-жылдын соңуна чейин өз мекенине кайтышы керек болот. Мындан тышкары, расмий Пхеньян санкциялардан буйтап кетпеши үчүн бардык өлкөлөргө Түндүк Кореяга мыйзамсыз жүк ташып баратат деп шек саналган бардык кемелерди текшерүүгө, жүгүн алып калууга уруксат берилген.

Түндүк Кореяга киргизилген соңку санкциялардын таасири башка өлкөлөргө караганда Кытай менен Орусияга көбүрөөк тиери кабарланган. Себеби Кытай Түндүк Кореяга мунай экспорттосо, Орусияда атайын программа аркылуу 35 миң түндүк кореялык мигрант иштейт. Буга карабастан бул эки өлкө тең жаңы санкцияларды колдошту.

АКШнын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли Түндүк Корея талаштуу сыноолорун улантса, санкциялар күчөтүлө тургандыгын эскертти:

- Бүгүнкү резолюция Кимдин режиминин бензин, дизел сыяктуу мунай өндүрүмдөрүн импорттоосун 89 пайызга азайтат. Эгер Түндүк Корея дагы бир өзөктүк куралын же баллистикалык ракетасын сынай турган болсо, бул резолюция менен Коопсуздук кеңеши дагы катуураак чара көрө алат. Бул Пхеньянга "баш ийбегендик улана берсе, жаза катаалдашат" деген анык билдирүүнү жеткирет.

29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы.
29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы.

БУУнун Коопсуздук кеңеши соңку санкцияларды Түндүк Кореянын ноябрь айынын соңундагы ракета сыноосуна жооп катары жарыялап олтурат. Анда расмий Пхеньян АКШнын негизги аймагына чейин жете алган эң кубаттуу "Хвасон 15" аттуу континент аралык баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын жар салган. Андан бир жума мурда Кошмо Штаттар Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизген болчу.

Сентябрь айында Ким Чен Ындын режими эң кубаттуу ядролук бомбасын сынаганын жарыялаган. "Ядролук коркунуч демилгеси" уюмунун маалыматы боюнча, Түндүк Корея 1984-жылдан бери кеминде 115 жолу ракетасын, алты жолу өзөктүк бомбасын сынады. Алардын көпчүлүгү Ким Чен Ын башкарып турган учурга туш келет.

Мындай сыноолорго БУУнун резолюциясы тыюу салганына карабастан расмий Пхеньян андай чектөөлөргө кулак салбай келатат. Андыктан Түндүк Кореяга санкциялар күчөтүлгөнү менен Ким Чен Ын сыноолорун токтото коейт деп азырынча эч ким ишенимдүү айта албай турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG