Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Трамп Кытайды Түндүк Корея боюнча сындады


Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Кытайды Түндүк Корея боюнча сындады. Ага чейин Түштүк Кореянын медиасында "Кытай Пхеньянга мыйзамсыз мунай сатып жатат" деген маалыматтар чыккан эле.

Кошмо Штаттардын президенти Доналд Трамп Кытайды Түндүк Корея боюнча сындады. Ага чейин Түштүк Кореянын медиасында "Кытай Пхеньянга мыйзамсыз мунай сатып жатат" деген маалыматтар чыккан эле. Түндүк Кореяга тазаланган кара майдын экспорттолушу акыркы жолу Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши өткөн аптада кабыл алган санкциялар аркылуу да чектелген болчу.

Кытайды кээде "Түндүк Кореянын баллистикалык ракета жана өзөктүк курал программасын токтотууга жардам берип жатат" деп мактап, кээде "жетиштүү чара көрбөйт" деп айыптап жүргөн АКШ президенти бул ирет Бээжинди "Твиттер" социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу сындап чыкты.

Түндүк Кореянын лидери.
Түндүк Кореянын лидери.

Доналд Трамптын 28-декабрда жазганына караганда, ал Кытай Түндүк Кореяга мунай киришине жол берип жатканына “абдан иренжип” турат. Ошондой эле АКШнын президенти мындай көрүнүш улана берсе Корей жарым аралындагы кризис боюнча “достук чечимдер” коркунучка учурай турганын да белгиледи.

Доналд Трамптын Бээжинди сындаган бул сөздөрүнө чейин Түштүк Кореянын Chosun Ilbo гезити "Кытай Улуттар Уюмунун санкцияларын бузуп, Түндүк Кореяга мунай сатып жатканын" жазып чыккан эле.

Бул басылма Түштүк Кореянын расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап келтирген маалыматтарга караганда, быйыл октябрь айынан бери эле мунай соодасы үчүн Кытай менен Кореянын кемелери деңизде отуз жолу кездешкен. Муну АКШнын спутниктеринен тартылган сүрөттөр көргөзгөн.

Буга кошумча Түштүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги 29-декабрда алар ноябрь айынын соңунда эл аралык суулардан Гонконгдо катталган Lighthouse Winmore кыска убакытка кармап, инспекция жүргүзгөнүн жана бул кеме Түндүк Кореянын Sam Jong 2 кемесине мунай продуктыларын өткөрүп бергенин маалымдады.

Бээжин болсо президент Дональд Трамптын сынын жана ал Түндүк Кореяга кара майды мыйзамсыз сатууга көмөктөшүп жатканы тууралуу ырастоолорду дароо эле четке какты:

Хуа Чунинг.
Хуа Чунинг.

​ -Кийинки бир катар маалыматтар фактылар менен бекемделген эмес. Кытай БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын такай аткарып келген. Биз Кытайдын жарандары жана компаниялары Коопсуздук кеңешинин резолюцияларына каршы ишмердикке аралашуусуна эч убакта жол бербейбиз. Эгер иликтөөнүн натыйжасында Коопсуздук кеңешинин резолюциялары бузулганы аныкталса, Кытай буга олуттуу мамиле кылып, мыйзамга ылайык чара көрөт, - деди Кытайдын тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чунинг 29-декабрда, Бээжиндеги басма сөз жыйында.

Кытай – Пхеньяндын соода жаатындагы жана мунай менен камсыз кылуудагы негизги өнөктөшү. Ал эми Түндүк Корея тыштан импорттой ала турган тазаланган мунайдын көлөмү Коопсуздук кеңешинин быйыл сентябрда жана 22-декабрда бир добуштан кабыл алган санкциялары аркылуу кыйла чектелген болчу.

Пхеньян өз тарабынан ал санкцияларды “согуш актысы” деп атап, өзөктүк кубатын бекемдөөнү уланта берерин да билдирген.

Акыркы санкцияларда Түндүк Кореянын жумушчулары бар мамлекеттер эми аларды 2019-жылдын аягына чейин өз өлкөлөрүнөн чыгарууга да милдеттендирилген. Сыртта иштеген жумушчулар мекенине жөнөткөн акча - Пхеньяндагы режим үчүн чет элдик валютанын негизги булактарынын бири. 90 миңден ашуун түндүк кореялык жарандардын басымдуу бөлүгү Кытай менен Орусияда иштейт. Америкалык дипломаттардын эсебинде, алар аркылуу Түндүк Корея жыл сайын 500 миллион доллардан ашуун киреше табат.

Мындан тышкары, соңку санкцияларга ылайык дүйнө мамлекеттери "Түндүк Кореяга мыйзамсыз жүк алып бара жатат" же "андан алып келе жатат" деп шектелген кемелерди токтуп, инспекция жүргүзүп, жүгүн конфискациялоого да мүмкүнчүлүк алышкан.

Түндүк Корея ракеталык сыноолорун токтотпогонуна байланыштуу Коопсуздук кеңеши ага каршы санкцияларын күчөттү.

Пхеньяндагы режим быйыл эле 16 сыноодо 23 ракетасын атып көрдү. Алардын кеминде экөө континент аралык баллистикалык ракета болду.

29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы.
29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континент аралык баллистикалык ракетасы.

Пхеньян 29-ноябрдагы сыноодо атылган ракетасын "өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү жана АКШнын материктик бөлүгүнө жете алат" деп билдирген.

Ал арада 29-декабрь күнү Орусия эгер сунуш түшсө АКШ менен Түндүк Кореянын сүйлөшүүлөрүнүн конок ээси боло аларын айтып чыкты.

Москванын өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси Олег Бурмистров белгилегендей, мындан ары эми жалаң санкциялар жолунда гана аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк жок. Эгер чакырылса сүйлөшүүгө Москвада катыша алат.

Түштүк Кореянын Биригүү иштери боюнча министрлиги болсо 26-декабрдагы баяндамасында "2018-жылы Түндүк Корея өзөктүк программасын токтпойт, бирок АКШ менен сүйлөшүү баштоого аракеттенет" деп болжолдоду. Анткен менен түштүк кореялык эксперттер мындай божомолунун себептерин көргөзүшкөн эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG