Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Трамп: Пхеньян бизди сынабасын


АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жубайлары менен.
АКШ президенти Дональд Трамп жана Кытайдын лидери Си Цзинпин жубайлары менен.

АКШ президенти Дональд Трамптын Азия сапары уланууда. Бүгүн ал Кытайга барып, Бээжинде өлкөнүн лидери Си Цзинпин менен жолугушту. Эки тарап Корей жарым аралындагы соңку кырдаалды талкуулашары күтүлүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп менен биринчи айым Мелания Трампты Кытайдын жогорку даражадагы өкүлдөрү, Американын жана Кытайдын желектерин көтөргөн мектеп окуучулары жана ардактуу кароол тосуп алды. Бул Трамптын Кытайга алгачкы расмий сапары. Көп өтпөй ал Кытайдын лидери Си Цзинпин менен жолугушту.

"Рейтер" агенттиги кабарлагандай, эки күндүк сапарда Трамп Бээжинди Пхеньян менен финансылык-соода байланыштарын кыскартууга жана Улуттар Уюмунун резолюциясын сактоого чакырат деп күтүлүүдө.

АКШ президентин Американын жана Кытайдын желектерин көтөргөн окуучулар тосуп алышты.
АКШ президентин Американын жана Кытайдын желектерин көтөргөн окуучулар тосуп алышты.

Бир күн мурда Трамп Сеулда сүйлөгөн сөзүндө Түндүк Кореянын өзөктүк куралга байланыштуу дымагын ооздуктап, сүйлөшүүгө келүүгө үндөдү.

- Бүгүн мен бир гана биздин өлкөлөрүбүз үчүн эмес, бардык мамлекеттерге кайрылып жатам деген ойдомун. Түндүк Кореяга айтарым, биздин күчтү баалабай койбогула, бизди сынабагыла. Биз жалпы коопсуздугубузду, жалпы өнүгүүбүздү жана ыйык эркиндигибизди коргойбуз.

Трамп ошондой эле Орусия, Кытайды Пхеньян менен дипломатиялык байланыштарын кыскартып, соода жана технология жаатындагы алакаларын толук үзүүгө чакырган.

- Дүйнө митаам режимдин өзөктүк коркутуусу менен келише албайт. Бардык жоопкерчиликтүү өлкөлөр Түндүк Кореянын катаал режимин обочодо калтыруу үчүн болгон күчүн бириктириши зарыл. Пхеньянды колдоого, көмөктөшүүгө, келишүүгө болбойт.

АКШ президенти Дональд Трамп.
АКШ президенти Дональд Трамп.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Хуа Чунюн бир күн мурда өткөргөн маалымат жыйында Бээжин Түндүк Корея боюнча Улуттар Уюмунун резолюциясын так сактап жатканын билдирди:

- Улуттар Уюмунун резолюциялары боюнча Кытайдын позициясы так жана анык. Кытай Түндүк Корея боюнча Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын так, толук сактап келген жана өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди так аткарууда.

Бир ай мурда Кытай өз аймагында Түндүк Корея менен байланышкан коммерциялык ишканаларды жапкан. Соода министрлигинин түшүндүрмөсүнө караганда, мындай чара БУУнун Коопсуздук кеңешинин акыркы санкциясынын талаптарына ылайык көрүлгөн.

Түндүк Кореянын компаниялары Кытайдын аймагында ресторандарды, башка бир катар бизнес жайларды иштетет. Мындан сырткары түндүк кореялык жумушчулар Кытайдын завод-фабрикаларында эмгектенет.

Бээжиндин өз статистикасына караганда, быйылкы жылдын биринчи жарымында эки тараптуу сооданын көлөмү 2,6 миллиард долларга жетип, былтыркыдан 10% өскөн. Бирок Кытайдын Түндүк Кореядан импорту былтыркыдан 13% азайган.

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын акыркы ирет 15-сентябрда сынаган. Ага чейин жыл башынан бери ракеталарын кеминде 22 ирет сынады. Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы жалпы дүйнө үчүн коркунучтуу деп эсептеген АКШ андан толук баш тартууну талап кылса, Пхеньян тескерисинче аларды мындай программаны өнүктүрүүгө мажбурлады деп Вашингтонду жана анын өнөктөштөрүн күнөөлөп жүрөт.

АКШ президенти Дональд Трамптын Азия сапары 5-ноябрда башталган. Андан бери Жапония менен Түштүк Кореяда болду. Трамптын Кытайдан кийин Вьетнам менен Филиппиндерге барары күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG