Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:40

Вашингтон Пхеньяндагы режимге каршы чараларын күчөтүүдө. Бейшембиде адам укуктарынын бузулушуна жооптуу деп түндүк кореялык жети аткаминерге жана үч ишканага санкция салды. Бул тапта АКШ коргоо министри Түштүк Кореяга барып, чек арадагы аскерлер менен жолугушту.

26-октябрда Пентагон башчысы Жеймс Мэттис Түштүк Кореяга келди. Ал дароо эки Кореянын чек арасындагы аскерлер жыш жайгаштырылган аймакка барды.

- Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин бир добуштан санкция салганына карабай, түндүк кореялыктар аймактык жана дүйнөлүк тынчтыкка бүлүк салган чагымын улантууда, – деди министр Мэттис.

Жеймс Мэттис жана Мун Чжэ Ин
Жеймс Мэттис жана Мун Чжэ Ин

Анткен менен расмий Сеул Пхеньян акыркы жумаларда кыйла демин басканын билдирүүдө. Түштүк Корея президенти Мун Чже Ин Мэттисти кабыл алган учурда буларды айтты:

- Жакында Корей жарым аралында Кошмо Штаттарынын активдеринин агрессивдүү жайылтылышы Түндүк Кореянын чагымын эффективдүү тизгиндеди.

22-сентябрда Түштүк Корея АКШ президенттери Корей жарым аралы менен анын айланасында Вашингтондун стратегиялык күчтөрүн жайгаштырууну макулдашкан эле. Ошондон кийин эки тарап биргелешип абада, деңизде аскердик ири машыгуу өткөрдү. Мун Чже Ин мына ушуну эске алып жаткандай.

Корей жарым аралынын асманындагы АКШ аскер учактары
Корей жарым аралынын асманындагы АКШ аскер учактары

Аскердик сес көрсөтүү күчөтүлгөнүнө карабай Жеймс Мэттис Кошмо Штаттарынын максаты согушуу эмес, Корея жарым аралын өзөктүк куралдан толук жана айныгыс кылып арылтуу деп баса белгиледи. Андай болсо дүйнөлүк коомчулук түрдүү басым-кысым, же дипломатиялык жол менен Пхеньянды ядролук программасын токтотууга көндүрүшү керек.

Мындай басымдын акыркысы 26-сентябрдагы АКШ жаңы санкциялары болду. Анда Түндүк Кореядагы адам укуктарынын одоно бузулушуна жол берген эмгек, дипломатия жана аскер тармагынын жетекчилери "кара тизмеге" алынды. Укук бузуулар деп сотсуз өлүм жазасына тартуу, кыйноолор, диссиденттерди аңдып жүрүп жазалоо, зордоп бойдон алдыруу жана башка фактылар мисал келтирилет.

Маркум Ким Чон Нам жана анын бийликтеги иниси Ким Чон Ын
Маркум Ким Чон Нам жана анын бийликтеги иниси Ким Чон Ын

Диссидент демекчи, маселен быйыл иниси башында турган режимди ачык сындап келген Ким Чон Нам Малайзияда өлтүрүлгөн. Аны түндүк кореялык атайын кызматтар тымызын ишке ашырганы айтылып келет.

Ошондой эле АКШ түндүк кореялыктарды чет өлкөлөргө ишке орноштурган ортомчу ишканаларга да санкция салды. Мигранттар мажбур иштетилип, тапкан акчасы өзүнө эмес, Пхеньяндагы режимге жөнөтүлүп турат деп айтылат. Бул дүйнөлүк санкциялардан улам чет элдик валютадан каржалган режимдин капчыгын толтуруунун бир жолу экени белгиленет.

Мындан мурда сентябрда БУУ Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга жаңы экономикалык санкцияларды салган. Анын алкагында Пхеньяндын башкы соода экономикалык өнөктөшү Кытай аймагында түндүк кореялык ишканаларды жапмай болгон. Буга карабастан Ким Чон Ын башкарган режим өзөктүк программасын токтотпосун билдирип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG