Линктер

шаршемби, 22-август, 2018 Бишкек убактысы 06:37

"Жаңы Азербайжан" Алиевди президенттикке көрсөттү


Илхам Алиев.

Азербайжандын башкаруучу партиясы бүгүн Илхам Алиевди президенттикке талапкер кылып көрсөттү.

“Жаңы Азербайжан” партиясынын курултайы кезексиз шайлоо жарыялангандан үч күндөн кийин өттү.

Президент Алиев шайлоону эмнеге мурда белгиленген 17-октябрда эмес, 11-апрелде өткөрүүнү чечкени жарлыгында жазылган эмес. Кийинчерээк анын кеңешчиси Али Гасанов чечимди май айынан тартып күзгө чейин өлкөдө жергиликтүү жана эл аралык иш-чаралар өткөнү жатканы менен байланыштырган.

Азербайжандагы оппозициялык Демократиялык күчтөрдүн улуттук кеңешинин төрагасы Жамил Гасанлы алар бул шайлоону бойкоттой турганын билдирген.

Оппозициячыл "Мусават" партиясынын лидери Ариф Хажылы муну Алиевдин башкаруусун дагы жети жылга узартуунун амалы катары айыптады. Саясатчы оппозицияга шайлоого даярданууга убакыт аз болорун белгилеген. Хажылы шайлоонун чукул белгиленишине бийликтегилердин ички чатагы жана экономикалык абалдын начарлашы роль ойноду деп эсептейт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG