Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Түндүк Корея Олимпиаданын алдында аскердик парад өткөрдү


Түндүк Корея 2017-жылдын 15-апрелинде өткөргөн аскердик парад.
Түндүк Корея 2017-жылдын 15-апрелинде өткөргөн аскердик парад.

Түндүк Корея Пхёнчхаңдагы кышкы Олимп оюндарынын расмий ачылышына бир күн калганда аскердик парад өткөрдү.

Түштүк Кореянын өкмөтүндөгү атын атагысы келбеген аткаминердин айтымында, Ким Ир Сен аянтында өткөн парадга он миңдеген кишилер катышкан. Ал жерде Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын эмне деп сүйлөгөнү, кандай куралдар көрсөтүлгөнү азырынча белгисиз.

Адатта Түндүк Корея армиясынын негизделген күнүнө карата иш-чаралар апрелде өткөрүлүп келген. Былтыркысына Пхеньян чет өлкөлүк журналисттерди да чакырып, баллистикалык ракеталарын көрсөткөн.

Түндүк Корея баллистикалык ракеталарын байма-бай сынап, коңшуларын жана АКШны опузалап келет. Январдан тартып Пхеньян Түштүк Корея менен сүйлөшүүгө даярдыгын билдирип, Олимпиадага катышууда.

XS
SM
MD
LG