Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:54

Татарстан: министрдин орун басары өлгөнү ырасталды

"Kazanfirst.ru" сайтындагы сүрөт
"Kazanfirst.ru" сайтындагы сүрөт

Татарстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Елена Шишмарева бычактан алган жараатынан улам каза болгону 8-февралда ырасталды. 

"Бул биз үчүн чыныгы трагедия. Биз жогорку квалификациялуу адистен айрылдык", деди республиканын саламаттык сактоо министри Адел Вафин. 

Аткаминердин сөөгү 7-февралда өз үйүнөн табылганы кабарланган.  

52 жаштагы Шишмарева кызматтык кыянатчылыкка жана каржылык кылмыштарга байланыштуу шектүү катары кармалган жана 3-февралда үй камагына алынган.

Учурда иликтөө жүрүп жатат. Жергиликтүү медиа каражаттары мурдагы жетекчи айым өмүрүнө өзү кол салган болушу мүмкүн экенин жазууда. 

XS
SM
MD
LG