Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 19-январдагы Сурхандарыя облусундагы жыйынында эмнелерди айтканы эми белгилүү болду. “Азаттыктын” өзбек кызматына ал жыйынга катышкандардын бири 7-февралда берген аудиодо президент атайын кызматты кескин сынга алган:
- Бир райондун коопсуздук кызматынын башчысынын машинесинен акимдин машинеси озуп өткөн экен. Анан барып аны камап коюптур. Сен кимсиң өзү? Ким сага мындай укук берди? Керек болсо погонуңду алып салам! Такыр болбосо да бир ушакты мойнуңа коет булар. Ал заман өттү. Мен бириңе да ишенбейм. Мага бириңин да маалыматың керек эмес. Мекен үчүн, калк үчүн иште. Эч ким эмес алар азыр. Аларга андай ыйгарым укук берген адам жок азыр!
Президент Мирзиёев “ыйгарым укук берген адам жок” деп маркум президент Ислам Каримовду эске алдыбы же Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы жетекчилигин айтып жатабы, белгисиз.
Өзбекстандын атайын кызматын 23 жылдан бери жетектеген Рустам Иноятов президенттин бул жыйынынан 11 күндөн кийин кызматтан алынган. Анын биринчи орун басары Шухрат Гулямов 2017-жылы кызматынан бошотулуп, камакка алынганы кабарланган.
Өзбекстанда коопсуздук кызматы жарандарды, бийлик адамдарын такай аңдып, куугунтуктаганы, өлкөдөгү каржы жана башка маанилүү тармактарды көзөмөлдөөрү айтылып келген.